• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстанда шахтадан өрт чыкты

17 Баш оона 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

Караганды облусунун Шахтинск шаарындагы «Казахстанская» шахтасында чыккан өрттүн кесепетинен шахтерлор жабыркады.

Бийлик төрт шахтер ооруканага жаткырылганын кабарлады. Дагы бир нече шахтер жер астында калгандыктан, куткаруучулар кырсык болгон жерде ишин улантууда. Алар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек. Дагы 13 кенчи башы ооруп, жөтөлүп жатканына даттанган.

Саат 13:30га карата бийлик шахтада 45 жумушчу калганын кабарлады. Бул маалда 182 шахтер жер үстүнө көтөрүлгөн. Саат 14:00гө жакын бийлик 224 шахта жумушчусу жер үстүнө чыгарылганын кабарлады.

Бейшемби күнү таңкы саат 10до, шахтанын ичинде конвейер лентасы күйүп кетип, өрт чыкан. Кенчилер жер үстүнө көтөрүлө баштаган, бирок кырдаал түтүнгө байланыштуу татаалдашып кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча айтыла элек.

«Казахстанская» шахтасы — Караганды облусунун Шахтинск шаарында жайгашкан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын сегиз шахтасынын бири. Ал жерден көмүр казылат. Бул 1957-жылы түптөлүп, 1969-жылы ишке берилген аймактагы эң эски шахталардын бири.

Количество просмотров: 106