Алматынын Бостандык райондук соту “Демократиялык партия” түзүү боюнча демилгечил топтун лидери, оппозициячыл активист Жанболат Мамайга китеп басып чыгарууга тыюу салды.
Сот Жанболат Мамайдын коомдук-саясий жана журналисттик ишмердүүлүккө тыюу салуу боюнча өкүмдү тактоо өтүнүчүн 25-сентябрда караган.
Бул тууралуу Жанболат Мамайдын жубайы, активист Инга Иманбай билдирди.
Инга Иманбайдын айтымында, Жанболат Мамай жабык имаратта тренинг өткөрүүгө, окуган китептери боюнча онлайн эфир уюштурууга, ЖМКларга интервью берүүгө, укук коргоо иши менен алектенүүгө, сотторго мониторинг жасап, түрлүү жыйындарга катышууга, китеп жазып, аны басып чыгарууга уруксат берилеби же жокпу деген суроо койгон. Сот активистке бул иш-аракеттерди жасоого тыюу салынганын билдирди.
Сот отурумунун соңунда судья Жанболот Мамайга белгиленген жаза мөөнөтүнүн шарттарын бузбоо керектигин, антпесе камаларын эскерткен.
10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту Мамайды Январь окуялары маалындагы «жапырт башаламандыктар» иши боюнча күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө алты жылга эркинен ажыратып, пробациялык көзөмөл орноткон. Мындан тышкары ага бул аралыкта коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө да тыюу салынган.