• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда сот жарандык активистти мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты

14 Бештин айы 2022 16:51 Бишкек Govori.TV

Конаев шаардык соту Алматы облусунда абакта отурган активист Ермек Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Жанар Балгабаева билдирди.

Буга чейин ал сотко жазаны жумшартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Күзүндө абактагы активист дээрлик 54 күн ачкачылык кармаган. 20 килограммдан ашык салмак таштап, ден соолугу начарлагандан кийин, 20-ноябрда ачкачылыгын токтоткон.

52 жаштагы Нарымбаев жергиликтүү укук коргоочулар түзгөн «саясий туткундардын тизмесине» кирет. 2016-жылдын январь айында социалдык тармактардагы посту менен «диний, улут аралык козутууга» барган деген кине менен үч жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал үй камагына чыгарылган. Нарымбаев Казакстандан чыгып кетип, бир нече жыл Украинада жашаган. Ал быйыл февралда Алматыга кайтып келери менен кармалган.

Количество просмотров: 83