Казакстанда түндүк Алматы көрүстөнүнүн жанынан 300 метр тереңдиктен скважина аркылуу суу алып, “Samal” деген аталыш менен сатыкка чыгарган “Бизнес Парк Навигатор” ишканасы лицензиясынан ажырады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалдар жазып чыгышты.

«Кантип эле көрүстөндүн жанынан суу алып, элге табигый суудай жеткирип жатасыңар! Санитардык талаптар сакталбаган сууну кантип сатып атасыңар» деп көрүстөндүн жанындагы заводго нааразы болгондордун сыны коомдук пикир жараткан. Жыйынтыгында, «Business Park Navigator» ишканасы Түрксиб облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын буйругу менен 17-июлда лицензиясынан ажыратылган.
