• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Казакстанда суу каптаган аймактардан эвакуацияланган 38 миңден ашык киши үйлөрүнө кайтты

30 Чын куран 2024 9:30 Бишкек Govori.TV

Казакстанда сел каптап, дарыялар ташыган аймактардан эвакуацияланган 38,5 миң киши үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу 29-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эвакуациялык пункттарда дагы 7 миңге чукул адам калууда.

23-апрелде казак өкмөтү суу каптаган аймактардан жалпысынан 120 миң киши башка жактарга чыгарылганын, алардын 44 миңи балдар экенин кабарлаган.

Азыркы тапта Атырау облусунда Жайык дарыясындагы суунун деңгээлине мониторинг жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Коргоо министрлиги эвакуация иштерине жана селдин кесепетин жоюуга жардам берүү үчүн Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарына жөнөткөн аскерлер менен техникалар туруктуу жайгашкан Алматы шаарына жана Караганда облусуна кайтып жатканы кабарланды.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар — жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 120 миңдей киши эвакуацияланып, 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган.

Дарыялар ташкындап, суу кирген аймактарда каза болгондор кеминде жети киши экенин 18-апрелде өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев тастыктаган.

Количество просмотров: 126