• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Казакстанда токой өртү учурунда адам өлүмүнө себепкер болгондорду аныктоо үчүн комиссия түзүлөт

13 Кулжа 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Казакстанда атайын өкмөттүк комиссия «Семей Орманы» мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагындагы өрттү өчүрүүдө коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын бузууга жол берген адамдарды аныктоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Эмгек министрлиги билдирди.

Комиссиянын курамына эмгек министринин орун басары, эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо комитетинин төрагасы, борбордук мамлекеттик органдардын, облустук акимчиликтин, иш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын кесиптик кошуунунун өкүлдөрү кирет.

Мындан тышкары атайын комиссия келтирилген зыяндын көлөмүн аныктап, жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү чараларын көрөт. Атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде ишти бүтүрөт.

Өткөн аптадан бери Казакстандын чыгышындагы Абай облусундагы «Семей Орманы» коругунда миңдеген гектар токой күйүп жатат. Абай аймагындагы өрттөн 14 адам каза болду. Бул үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильинди кызматтан алды. Абай районунун акими Нурлан Уранхаевге сөгүш жарыяланды.

12-июнга карата алынган маалыматка караганда, Абай аймагындагы өрттү өчүрүү бир нече тилкеде уланууда.

Количество просмотров: 49