• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда тышкы иштер министри алмашты

3 Чын куран 202318:30 Бишкек Govori.TV

Казакстанда президенттин мурдагы жардамчысы Мурат Нуртлеу премьер-министрдин орун басары – Казакстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Ал Мухтар Тлеубердинин ордуна келди.

Мурат Нуртлеу президенттик администрацияны 14 ай жетектеди. Администрациянын жаңы башчысы болуп Олжас Бектенов дайындалды. Бектенов былтыр февралдан бери Казакстандын коррупцияга каршы күрөшүу агенттигинин төрагасы кызматын аркалап келген.

2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин Мурат Нуртлеу Улуттук коопсузук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал бул кызматта бир айдай гана иштеген. Былтыр 1-февралда президент Касым-Жомарт Токаевдин буйругу меен президенттик администрациянын башчысы болгон.

«Азаттыктын» казак кызматы президенттин жакындарынын мүлкү тууралуу иликтөөсүндө Токаевдин уулу менен Нуртлеунун иниси ишкердик мамиледе экенин белгилеген.

Бул арада коргоо министри Руслан Жаксылыков менен ички иштер министри Марат Ахметжанов өз кызматтарын сактап калышты. Президенттин тиешелүү жарлыгы дүйшөмбүдө Акордонун сайтында жарыяланды. Экөө тең бул кызматтарга 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин дайындалган.

Количество просмотров: 91