• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстанда ураган кафеден үчүнчү кишинин сөөгү табылды

5 Үчтүн айы 20249:46 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Орол шаарындагы жарылуу болгон кафенин урандыларынын алдынан үчүнчү кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Батыш Казакстан облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Күн мурун кырсык болгон жерде денеси күйүп калган эки кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Ерлан Токсановдун айтымында, кафедеги кырсыктан жаракат алган алты киши шаардык ооруканага жеткирилген. Алардын бири медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кеткен.

«Ооруканадагылардын экөө Өзбекстандын, үчөө Казакстандын жарандары. Алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Учурда эки өзбек жараны реанимация бөлүмүндө жатат», – деди Токсанов.

4-январга караган түнү шаардагы Rizyq кафесинин эки кабаттуу имараты урап, ал жерде өрт тутанган. Буга газ менен абанын аралашмасынын жарылуусу себеп болгон деп болжолдонууда. Маалыматка ылайык, жарылуудан улам имараттын дубалдары жана шыбы урап түшкөн.

Количество просмотров: 305