• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда вебкам-студия уюштурган кыргызстандык 12 жылга кесилди

29 Бугу 2023 16:43 Бишкек Govori.TV

Казакстанда вебкам-студия уюштурган трансулуттук кылмыштуу топ түзгөн деген айып менен 1998-жылы туулган кыргызстандык жаран 12 жылга соттолду. Мындай чечимди Чымкенттин район аралык соту чыгарганын рolisia.kz сайты жазды.

Маалыматка ылайык, бул топтун бир нече мүчөсү үч жылдан жети жылга чейин соттолгон.

Эске салсак, 2021-жылдын июль айында милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда онлайн көрсөтүүчү порностудияны аныкташкан. Полиция 10 вебкам-студияда 50 кыз иштегени аныкталганын кабарлаган.

Шектүү катары Алматы, Астана жана Шымкент шаарларынын тургундарын кармап, алардын арасында бешөө кыргызстандык экени айтылган. Кармалгандардын 44 миңге жакын АКШ доллары жана Алматы шаарындагы кыймылсыз мүлктөрү конфискацияланган.

Количество просмотров: 80