• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда өз үйүндө оор атлеттин сөөгү табылды

27 Кулжа 2023 18:28 Бишкек Govori.TV

Оор атлетика боюнча Казакстандын төрт жолку чемпиону, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу Владимир Седовдун сөөгү өзү жашаган Жетисуу облусунун Достык айылындагы үйүндө табылды.

Бул тууралуу Жетисуу облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Седов март айында 35 жашка чыккан.

Казакстандын Оор атлетика федерациясы Владимир Седов мурунку түнү каза болгонун 27-июнда кабарлады. Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги маалыматты тастыктады.

Полиция «анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган жок» деп билдирди. Туугандарынын көрсөтмөсү боюнча спортчу өз жанын кыйган. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Өз жанын кыюуга жеткирүү» беренеси боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди.

Владимир Седов Казакстандын эмгек сиңирген спорт чебери, эл аралык класстагы спорт чебери. 2009-жылы эл аралык турнирлерде ийгиликтүү катышкандыгы үчүн «Курмет» мамлекеттик ордени менен сыйланган.

2016-жылы Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) 2008-жылкы Бээжин оюндарына катышкан бир нече казакстандык спортчуну, анын ичинде Владимир Седовду кайра текшерүүдө тыюу салынган станозолол дарысынын издери табылганын билдирген.

2019-жылы IWF расмий түрдө Седовдун 2008-жылдан 2016-жылга чейинки титулдарын жокко чыгарган. 2018-жылы эки жылга жакын убакытка созулган тергөө аяктагандан кийин Седов сегиз жылдык мөөнөткө мелдештерден четтетилген.

Количество просмотров: 212