• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда заводдогу өрттөн 2 жумушчу каза болду

15 Бугу 202316:19 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Актөбө облусунда жайгашкан Жанажол кениндеги газды кайра иштетүүчү заводдо чыккан өрттөн жабыркаган эки жумушчу 14-майда ооруканада каза болду.

Заводдо өрт 1-майда катталып, күйүк алган төрт киши ооруканага жеткирилген.

Актөбө облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, 56 жаштагы Рахымжан Рысбеков 14-майда Астана шаарындагы ооруканада көз жумду. Ал денесинин 70-75% күйүк алып, баш калаага тик учак менен жеткирилген.

Ушул эле күнү денесинин 70% күйүк алган 52 жаштагы Мырзалы Куанышалиев да ооруканада каза болду.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, «СНПС-Актөбөмунайгаз» компаниясына таандык заводдогу өрт жеңил көмүр суутек алуучу жайда тутанган.

Количество просмотров: 86