• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда жалаң аялдар иштеген полиция бөлүмү ачылды

13 Жетинин айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Караганды шаарында жалаң аялдар иштеген полиция бөлүмү ачылды. Долбоордун максаты – үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү.

Мекемеден билдиришкендей, бир айга жетпеген убакытта бул бөлүмгө 500дөн ашык кайрылуу түштү.

Расмий түрдө Үй-бүлөгө жардам берүү борбору деп аталган бул бөлүмдөгү кабинеттердин эшиктери дайыма ачык болуп, кызматкерлери полиция формасын кийбейт. Жетекчилигинин айтымында, аялдардын полиция бөлүмү – Караганды шаарындагы укук коргоо органдарын реформалоонун бир багыты.

«Бизде психотравмалык кырдаалдар болбой, аялдарга ишеним менен мамиле жасалат. Анткени аялдарга өз көйгөйү тууралуу аялга айткан жеңилирээк болот», – деди бөлүмдүн башчысы Гүлбану Сатпаева-Алпысбаева.

Бул борбор үй-бүлөлүк жаңжалдар жана аялдар менен балдарга карата зомбулук багытында иш алып баргандыктан, штатында тергөөчүлөрдөн жана жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлордон тышкары психологдор менен камкордук органдарынын өкүлдөрү да бар.

Караганды полициясына быйыл эле үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча дээрлик 50 миң кайрылуу түшкөн. Бирок зордукчуларды дайыма эле жазалоо мүмкүн боло бербейт. Айрым учурларда жабыркаган аялдар шаардагы «Апалар үйү» аттуу кризистик борборго жайгаштырылат. Бул борбор иштей баштаган тогуз жылдан бери эч качан бош калган эмес, дайыма жабыркаган аялдар болот.

Количество просмотров: 54