Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.
Казакстандагы Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында жарылуу катталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 09:20 чамасында Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде болгон. Окуя катталган жерде 8 өрт өчүрүүчү машина, 30 өрт өчүрүүчү топ жөнөтүлүп, кызматкерлер ыкчам иштеп жатканы айтылган.
Кошумчалай кетсек, ок дарылар сакталган кампа жарылган деп болжолдонууда.