• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Казакстанда журналисттерге чабуул жасагандары кармоо уланууда

3 Жалган куран 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

2-мартта Казакстандын ички иштер министрлиги “журналисттерге чабуул уюштурду” делген шектүүнүн шериктери аныкталганын маалымдады. Министрликтин кабарлашынча, төртөө тең чет өлкөлүк жарандар, алар чабуулдун уюштуруучусу О. Токаревге көмөктөшкөн.

Эки күн мурун казак ИИМи журналисттерге чабуулдары уюштурган О.Токарев аттуу хакер, чет өлкөлүк жаран кармалганын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча кармалган төрт киши казак жарандарынын арасынан чагымчыл иштерди жасай турган кишилерди издеп, жабырлануучулардын жеке маалыматтарын чогултуп, уюштуруучу менен бирге автоунаа өрттөөнү, коркутуларды жана чабуулдарды ишке ашыруунун жол-жоболорун иштеп чыккан.

Казакстандын Ички иштер министрлиги буга чейин Алматы менен Астанада журналисттерге чабуул жасады деген шек менен 18 киши кармалганын билдирген.

Соңку жарым жылда Казакстанда журналисттерге чабуул жасалган учурдар көбөйгөн.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндигинин абалы оор мамлекеттердин катарына кошуп келишет. Өлкө «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча индексинде 180 өлкөнүн ичинен 122-орунда турат.

Количество просмотров: 81