• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда «журналисттерге каршы кылмыш кылуу» шеги менен 18 киши кармалды

22 Бирдин айы 20239:41 Бишкек Govori.TV

Казакстанда журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди жасоо шеги менен 18 киши кармалды. Бул тууралуу Polisia телеграм-каналы кабарлады.

«Өткөн жылдын сентябрынан бери Алматы менен Астанада алты журналистке каршы ишмердүүлүктөрүнө байланыштуу мыйзамсыз аракеттер жасалган. Алардын мүлктөрүнө атайылап зыян келтирилип, автоунаалары өрттөлүп, түрдүү предметтерди жөнөтүү менен коркутуулар болгон. Мындан тышкары алардын даректеринде терроризм актылары пландалганы тууралуу жалган кабарларды таратып, жеке маалыматтарын интернетке чыгарышкан», – деп жазылган Polisia’нын билдирүүсүндө.

Полиция бул кылмыштардын бетин ачуу үчүн мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнүн кабарлаган. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги «Коркутуу», «Жеке жашоо тууралуу маалыматтарды таратуу», «Журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу», «Чоочун мүлктү атайылап жок кылуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча 20 кылмыш иши тергелип жатканын билдирген.

«Бүгүнкү күнгө карата бул кылмыштардын баарынын бети ачылып, шектүү катары 18 киши кармалды. Далилдөө базасын бекемдөө боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө аракеттери көрүлүүдө», – деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Казакстанда журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди жасоо шеги менен 18 киши кармалды. Бул тууралуу Polisia телеграм-каналы кабарлады.

«Өткөн жылдын сентябрынан бери Алматы менен Астанада алты журналистке каршы ишмердүүлүктөрүнө байланыштуу мыйзамсыз аракеттер жасалган. Алардын мүлктөрүнө атайылап зыян келтирилип, автоунаалары өрттөлүп, түрдүү предметтерди жөнөтүү менен коркутуулар болгон. Мындан тышкары алардын даректеринде терроризм актылары пландалганы тууралуу жалган кабарларды таратып, жеке маалыматтарын интернетке чыгарышкан», – деп жазылган Polisia’нын билдирүүсүндө.

Полиция бул кылмыштардын бетин ачуу үчүн мекемелер аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнүн кабарлаган. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги «Коркутуу», «Жеке жашоо тууралуу маалыматтарды таратуу», «Журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу», «Чоочун мүлктү атайылап жок кылуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча 20 кылмыш иши тергелип жатканын билдирген.

Акыркы жарым жылда Казакстанда журналисттерге кол салуу учурлары көбөйдү.

Количество просмотров: 48