• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда журналисттерге кол салууга айыпталган жаран психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү

2 Жетинин айы 2023 15:55 Бишкек Govori.TV

Алматынын райондор аралык соту «журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоол болгон» деген шек менен кармалган Аркадий Клебановду дарылануу үчүн психиатриялык ооруканага жөнөттү.

Эки соттук-психиатриялык экспертизадан кийин сот аны акыл-эси жайында эмес деп тапты. Бул тууралуу билдирүү 1-ноябрда соттун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Бүгүн сот жабырлануучулардын жарандык доосун жарым-жартылай канааттандырды – моралдык чыгым жана зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпталуучунун өкүлүнөн 14 миллион теңгеден ашык каражат өндүрүлдү.

Былтыр күздөн бери Казакстандагы бир нече маалымат каражаттарынын редакцияларына жана айрым журналисттерге кол салуулар болду. Кышында алматылык журналист Динара Эгеубаеванын унаасы күйүп кеткен. Ал ошондой эле уулун тапанча менен коркутушканын да билдирген. Январда журналист Вадим Борейконун батиринин эшигине курулушта колдонула турган көбүк чачып кетишкен. Февралда болсо аны менен иштеген видеографтын унаасы күйүп кеткен.

Март айында полиция бул кылмыштарга шектүүнүн кармалганын жарыялаган. Ал олигарх Александр Клебановдун жээни жана Сергей Маневичтин уулу Аркадий Клебанов болуп чыккан. Сергей Маневич 2007-жылы Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев менен бирге мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган деп айыпталган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Аркадий Клебанов кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн аткаруучуларды жана хакерлердин тобун жалдаган. Ага «Журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу» , «Коркутуу», «Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу», «Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу», «Бейбаштык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Сентябрь айында бул иш жабырлануучулардын арызы менен жабык карала баштаган.

Количество просмотров: 100