• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Казакстандагы суу ташкыны: Бишкекте марафон өтөт

11 Чын куран 2024 14:57 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы селдин кесепеттерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында 15-апрелде марафон уюштурулат.

Маалыматка ылайык иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. Бул дүйнө жүзүндөгү атактуу, таасирдүү инсандарды жана жөн гана ак көңүлдөрдү бир аянтчага  бириктирген ири саамалык. Марафон түз каражат чогултууга эмес, маалыматтык колдоо жана жабырлануучуларга жардам көрсөтүү аракеттерин чагылдырууга багытталган.

112 сааттык үзгүлтүксүз түз эфирде марафондун катышуучулары өздөрүнүн окуялары, таланттары жана дем берүүчү сөздөрү менен бөлүшөт, маанилүү маек, керектүү кеп курушат.

Марафондун негизги миссиясы — глобалдык тилектештиктин күчүн көрсөтүү жана адамдарды Казакстан өкмөтүнүн расмий маалыматтарына кайрымдуулук үчүн салым кошууга үндөө, ошону менен буга чейин берилген жардамдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу.

«Казакстанды колдоонун 112 сааты» марафону жалпы адамзаттык баалуулуктардын биримдигин жана табигый кырсыктарга каршы маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн аянтча болуп, жалпы жардам жана калыбына келтирүү иштерине ар бир салымдын маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Марафондун жаңылыктарын жана чоо-жайын социалдык тармактардагы жана иш-чаранын веб-сайтындагы расмий баракчаларында байкап туруңуз, катышыңыз жана шилтемелер менен бөлүшүңүз:

Фэйсбук https://www.facebook.com/initiative112

ТикТок https://www.tiktok.com/@initiative112?_t=8lPfK3ir2iV&_r=1

Инстаграм https://www.instagram.com/initiative112?igsh=MTVqcnNibzk3djd6ag==

Ютуб https://www.youtube.com/@initiative112-pr8bu

Количество просмотров: 215