Бишкекте 12-апрелде «Жаз деми» жарышы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 25тен ашык өлкөдөн 4500гө жакын адам катышып, 5 км, 10 км, 21,1 км аралыктарга чуркашат.
Өткөн жылдагыдай эле чуркоо маршруту “Газпром-балдарга” дене тарбия — ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өтөт.
Ушуга байланыштуу Жайыл баатыр жана А. Масалиев көчөлөрүнүн Алыкулов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки түштүк тарабы саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабылат.