• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстандагы токой өртүнөн өлгөндөр жана жабыркагандар бар

11 Бугу 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Чыгыш Казакстан облусунун Риддер шаарынын жанында токой өрттөнүп, жалын 310 гектар жерди курчады. Өрт калк жашаган жайларга жетип, аймактагы 35 үй күйүп кетти. Расмий маалыматка караганда, 1948-жылы туулган аял каза болду. Эки адам ооруканага жеткирилди.

Облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрт өчүрүүгө 208 адам, 48 техника жана эки тик учак тартылы. Өрт курчаган аймакка 17 миң куб метр суу чачылды.

Өрттү өчүрүүгө адам күчү менен каражат жетиштүү, — деп кошумчалады департамент.

Кырсык болгон аймакка кошумча үч автоцистерна менен 15 куткаруучу жөнөтүлдү.

Шаар тургундары Telegram мессенжеринде “Риддер ыктыярчылары” чатын түзүштү. Азыр бул чатка 424 киши кошулду. Ыктыярчылар жергиликтүү колледжде керектүү буюм-тайымдарды чогултушууда.

Тергөө өрттүн чыгышына атайлап өрт коюу жана өрткө кылдатсыз мамиле жасоо себеп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Количество просмотров: 156