Казакстандан тооктун жумурткасын мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылгандардын жүгү Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ак-Тилек көзөмөл өткөрүү пунктунда чек ара ветеринардык көзөмөл инспекторлору ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу фактыларын аныкташкан, тактап айтканда тооктун жумурткасы Казакстандан Кыргызстандын аймагына киргизилген. Такталгандай, 302 400 даана өлчөмүндөгү тооктун жумурткасы өлкө аймагына алынып келе жаткан.
Ак-Тилек өткөрмө пунктунун инспекторлору жүктү текшерүү учурунда тооктун жумурткаларында эч кандай маркировка жок экенин, бул жүктү ташууда ветеринардык-санитардык талаптар сакталбаганын аныкташкан. Өткөрмө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жүктөр кайра Казакстанга кайтарылган.