• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандан Кыргызстанга 4 миңден ашуун адам өткөнү кабарланууда

9 Бирдин айы 2020 0:50 Бишкек Govori.TV

8-февралда кыргыз-казак чек арасынан Кыргызстандын аймагына 4 миңден ашуун киши өттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Бирок маалыматты  атайын органдар тастыктай элек.

Маалым болгондой, Кыргызстанга келгендердин көбү аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

Ал эми чек ара кызматы Кордайдан Кыргызстандын аймагына өткөндөр коронавируска текшерилип, тепловизордон өтүп жатканын билдирген.

Эске салсак, 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургымбаевдин айтымында, эки полиция кызматкери октон жараат алган. 30дан ашуун турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Кырдаалды курчутууга шек саналып 47 адам кармалган.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 151