• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстандык спортчунун сөөгү таштандыдан табылды

24 Аяк оона 202411:07 Бишкек Govori.TV


Актау шаарындагы 3-кичирайондо аралаш мушташ боюнча мушкер Вусал Жафаровдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Спортчунун сөөгү 20-сентябрда таштанды челегинин жанынан табылган. Денеси жыттанып, шишип, карарып кеткен. Жафаров токмоктолуп, анын сөөгү бир нече күн көчөдө жатканы айтылды.

Вусал Жафаров 1994-жылы төрөлгөн. Өзүнүн спорттук карьерасын 2015-жылы баштаган. Төрт жолу беттешке чыгып, 3 жолу жеңилип, бир жолу жеңген.

Количество просмотров: 728