• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Казакстандык студентти өлтүрүүгө айыпталган Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын уулу 13 жылга соттолду

27 Кулжа 2022 11:53 Бишкек Govori.TV

Москвадагы Измайлов райондук соту сот арачыларынын чечиминин негизинде Дагестан өкмөтүнүн мурдагы төрагасынын уулу Мухтар Межидовду 13 жылга эркинен ажыратты. Ал 2018-жылы жазында казакстандык студент Томирис Байсафаны өлтүрүүгө айыпталган.

МГИМОнун студенти, 21 жаштагы Томирис Байсафа 2018-жылы жогорку окуу жайдын имаратынын төртүнчү кабатынын терезесинен кулап, ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган. Бул факты боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорку окуу жайдын жетекчилиги муну кокустук деп атаган. Бирок университетте окуган студенттердин бири маркумду кимдир бирөө терезеден түртүп жибергенин, анын алдында кыз сабалганын айткан.

Муртузали Межидов маркум кыздын курсташы болгон, айрым маалыматтарга караганда, алар сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал Байсафанын өлүмүнөн үч ай өткөндөн кийин гана кармалып, эртеси камакка алынган. 2021-жылы июнда сот арачыларынын коллегиясы көпчүлүк добуш менен Межидовду актап, ал сот залынан бошотулган. Бирок ошол эле жылы октябрда Москва шаардык соту бул актоо өкүмүн жокко чыгарып, иш кайра каралары белгилүү болгон.

Количество просмотров: 91