• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Казакстандын батышында тез жардам кызматкерлери иш таштады

13 Аяк оона 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Маңгыстоо облусунун борбору менен башка райондорунда тез жардам кызматкерлери үч күндөн бери нааразылыкка чыгышууда.

Өткөн жуманын соңунда башталган забастовкага Актау, Жаңы-Өзөн шаарлары менен Мунайлы, Бейнеу жана Түпкараган райондорунун тез жардам кызматкерлери катышууда. Алар маянага кошумча төлөм киргизүүнү, социалдык пакет менен камсыздоону талап кылышууда.

Маңгыстоо облусунун тез жардам кызматкерлери төлөмдөр маселесин бир нече айдан бери көтөрүп келе жатышат. Августта алар орточо айлык акыны 350 миң теңгеге чейин жогорулатууну талап кылышкан. Ашыкча жумуш үчүн 40 миң кошумча төлөм сурашып, мартта ага иш берүүчү макул болгон. Январда Актау шаарынын тез жардам кыматкерлери маяналарын 23 пайызга көбөйтүүгө жетишкен.

Количество просмотров: 132