• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстандын бир топ шаарларынын бийликтери АЭСке каршы митинг өткөрүүгө тыюу салышты

1 Тогуздун айы 202419:15 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы алты шаардын — Алматы, Ак-Төбө, Павлодар, Петропавловск, Уральск жана Шымкент шаарларынын акиматтары атомдук электростанция курууга каршы митинг өткөрүүнү каалаган активисттердин өтүнүчтөрүн четке кагышты. Бул тууралуу Власть.kz жазды.

Бардык митинг өткөрүү акциялары 6-октябрга — АЭС куруу боюнча референдум өткөрүлө турган күнгө карата пландалып жаткан. Шаар бийликтеринин акцияларды өткөрүүдөн баш тартуу боюнча шылтоолору ар түрдүү, бири «толук маалымат берилген жок» десе, экинчиси «мурда макулдашылган иш-чаралар бар эле» деген себептерди айтышты.

Мындан тышкары акыркы кездерде атомдук электрстанцияны курууга каршы чыгышкан активисттерди укук коргоо органдары кармап кетип жатышкандыгы тууралуу да маалыматтар чыгып жаткан. Буга чейин Алматыдан 12 активист кармалып, алардын алтоону эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотушкан.

Казакстанда АЭС куруу тууралуу талаш-тартыштар ондогон жылдардан бери токтой элек. Буга акыркы жоопту президент Касым-Жомарт Токаев дайындаган 6-октябрдагы референдум бериши керек. Эгер оң жооп болсо, анда АЭС курула турган жер Алматы облусунун Жамбыл районунун Улкен айылынын аймагы боло тургандыгын Казакстандын Энергетика министрлиги мурда билдирген.

Бирок технологияларды кайсы жактан, ким алып келери азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 99