• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы 4 жылга соттолду

26 Бештин айы 2023 9:01 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын мурдагы директору Дархан Дилманов 4 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды. Сот аны «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыптуу деп тапты.

Генерал-лейтенант Дархан Дилманов былтыр жайында кармалган. Ал Кытайдан Казакстанга жүк ташып өтүүдөгү кылмыштуу схемага көмөктөшүүгө шектелген.

Соттун өкүмүнө ылайык, Дилмановго мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды. Судья аны генерал-лейтенант аскердик наамынан, «Айбын» орденинен жана Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин ардагери деген ардактуу наамынан ажыратуу боюнча Казакстандын президентине сунуш киргизди.

Бул иште бир катар адамга өкүм чыкты. Бири беш жылга соттолду, экинчи адамга 38 миллион теңгеден ашык айып пул салынды. Калган айыпталуучулардын эркиндиги үч жыл алты айдан беш жыл алты айга чейин чектелди.

Дилманов 2022-жылы апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары – Чек ара кызматынын директору кызматынан алынган. Ал бул кызматты 2015-жылдан бери аркалап келген. Эки айдан кийин атайын кызмат казак-кытай чек ара бекеттеринде аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча дагы жети адам кармалганын кабарлаган.

Количество просмотров: 64