Казакстандын көкпар өкүлү кыргыздардан чыгып бериңиздерчи деп жалдырап суранган видео чыкты.
Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак курамаларынын көкпар боюнча финалдык оюнда чыр чыкты.
Казак курамасы жеңишке жетти. Бирок жеңиш күмөн жаратып сыйлоо аземинде кыргызстандык оюнчулар сыйлоо аземинде күмүш медалдарын чечип, пьедесталдан түшүп кетти.
Бул беттеш бир катар пикир келишпестиктер менен коштолуп, калыстын дарегине бир катар сындар айтылды.
Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө Кубанычбек Султан уулу эсепти 3:1 кылып кыргызстандыктардын пайдасына жаңырткан. Ошондон кийин дароо Казакстан курама командасынын оюнчусу Улан Байтөреев Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген, ал буга эч кандай реакция кылбай, андан ары ат менен кетип калган. Бирок казак жигит аны кууп жетип, кайра камчы менен чапкан.
Оюн убактылуу токтотулуп, кайрадан уланган.
Социалдык тармактын колдонуучулары казак калысынын оюндагы иш аракетине нааразычылыгын билдирип жазышууда.