2024-жылдын январынан июль айына чейин Казакстандын калкы 148,2 миң адамга көбөйгөн. Калктын өсүүсү боюнча Астана ички миграциянын эсебинен лидер болуп турат. Жыл ичиндеги жети ай ичинде борбор шаардын жашоочулары 3,59% өсүп, ушу тапта астаналыктар 1,48 миллионго жеткен. Бул Алматы менен Шымкентке салыштырмалуу эки эсеге көп.
Казакстандын жалпы 20 аймагынан 13 аймагы калктын табигый өсүүсүн көрсөтүп келсе, 7 аймагында тескерисинче, эл азайган. Түндүк Казакстан, Кустанай, Павлодар, Караганда сыяктуу облустарда калктын төрөлүүсүнө караганда өлүмү басымдуулук кылат.
Казактандын шаардык калкы үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда 1,19%ке өсүп, жалпы 12 656,2 миң адамды түзсө, айылдык калкы 7 525,8 миң адам болуп өзгөрүүсүз калган. Шаардын калкы 62,7%га жетсе, айыл калкы 37,3%га азайган.