• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстандын мурдагы коргоо министри бийлигин ашыра пайдаланууга айыпталууда

6 Үчтүн айы 2023 10:27 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов 2022-жылы январдагы нааразылык учурунда мыйзамсыз буйруктарды берип, аскердик стратегиялык объектилерди кароосуз калтырган. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов былтыр январда казак шаарларында болгон кагылышуулардын иликтениши жөнүндө баяндамасын окуп жатып билдирди.

Бектанов аскердик кырдаалда бийлигинен аша чабуу айыбы менен абакта отурат.

Асыловдун айтымында укук коргоо органдарынын кызматкерлери президент-Касым-Жомарт Токаев курал колдонууга буйрук бергенге чейин нааразылыкка чыккандарга ок атып башташкан.

Асылов 2021-жылы толугу менен радикалдуу чараларды көрүү боюнча жашыруун даярдыктар болгонун белгиледи. Башкы прокурор бул боюнча кеңири маалымат берген жок.

Башкы прокурор нааразылык учурунда өлгөндөрдүн ичинен 67 киши кол салууга, 142 киши өзгөчө абал жана антитеррордук операция режимдерин бузууга айыпталганын айтты.

Январь окуясында Алматыда 151, Кызылорда шаарында 26, Чымкентте 20, Таразда 17 киши өлгөн.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228ге жеткен.

Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларында камалгандарга жапырт мунапыс берүү тууралуу буйрукка 2-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, мунапыска 4-7-январь күндөрдөгү «тартип бузууларга тиешеси бар» деген кине менен камалган 1,5 миңдей киши бошотулары айтылган.

Мындан тышкары оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен кесилгендердин жаза мөөнөттөрүнүн жарымы же төрттөн үч бөлүгү кыскартылары маалым болгон. «Террорчулук, экстремизм», «коррупция», «мамлекетке чыккынчылык», «кыйноо жана жапырт башаламандык уюштуруу» беренелери менен камалгандар мунапыска илинбейт.

Прокуратура кийинчерээк мунапыс алгандардын айрымдары эркиндикке чыкканын билдирген. Жалпы канча киши мунапыска илингени так эмес.

Количество просмотров: 142