• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандын мурдагы маданият министринин камактагы мөөнөтү узартылды

20 Үчтүн айы 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

17-январда Астананын адистештирилген район аралык тергөө соту мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын абактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу 20-январда жергиликтүү басылмалар билдирди.

Арыстанбек Мухамедиулы 2022-жылы майда камалган. Ошол маалда ал Улуттук музейди жетектеп турган. Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аткаминер «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы» деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген.

Арыстанбек Мухамедиулы 2014-жылдын август айынан баштап 2019-жылдын июнь айына чейин Казакстандын маданият жана спорт министри болгон.

Количество просмотров: 136