• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстандын мурдагы юстиция министри камакка алынды

24 Тогуздун айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы юстиция министри Марат Бекетаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 23-октябрда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирди.

Экс-министрдин кармалганы 21-октябрда белгилүү болгон. Ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясына ылайык, Бекетаев кайсы бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн келишимдерди түзүп, «мамлекетке ири зыян келтирген».

Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Бекетаев өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөнүн жазышты. Азырынча расмий мекемелер ал 21-октябрда Стамбул аркылуу Лондонго учуп кетүүнү көздөгөнү тууралуу маалыматты ырастай элек.

46 жаштагы Бекетаев Казакстандын Юстиция министрлигин 2016-2022-жылдары жетектеген. Расмий маалыматтар боюнча, ал 238 кишинин өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Былтыр жыл соңуна чейин өкмөт башчынын кеңешчиси болуп иштеген.

Количество просмотров: 72