• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстандын мурдагы юстиция министри кармалды

23 Тогуздун айы 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы мурдагы юстиция министри кармалганын жарыялады. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. 

Мекеменин билдиришинче, шектүү керексиз кызматтарды көрсөтүү боюнча жыл сайын келишим түзүү аркылуу энчилеш компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн жана мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Агенттик шектүүнүн аты-жөнүн атаган жок. Бирок бир нече казак басылмасы өз булактарына таянуу менен бул 48 аштагы Марат Бекетаев экенин жазды. Ал Казакстандын Юстиция министрлигин 2016-2022-жылдары жетектеп турган.

Бекетаев Январь окуясынан кийин кызматтан алынган, кийин анын премьер-министрди кеңешчиси кызматына дайындалганы кабарланган.

Orda.kz сайты ал быйыл февралда креслосунан кол жууганын, өкмөт башчынын кеңешчиси кызматында бир жылдан ашык отурганын билдирди.

Количество просмотров: 126