Казакстандын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин башында турган делегация Кыргызстанга келди.
Делегацияны «Ак-Тилек — Карасу» өткөрмө пунктунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Эки өлкө делегациялары кыргыз-казак чегиндеги өткөрмө пунктун көрүп, логистикалык борбор курула турган жай менен таанышты.
Кыргыз-казак биргелешкен индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга 80га жер тилкеси бөлүнгөн. Учурда курулушка баштапкы даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Адылбек Касымалиев менен Серик Жумангарин алгачкы долбоорлоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Бүгүн Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу тобунун экинчи жыйыны өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери каралып, соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.