• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстандын президенти ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен долбоорлорун тез арада ишке ашырууга чакырды

27 Бугу 2022 18:32 Бишкек Govori.TV

«Бизге реалдуу долбоорлор жана конкреттүү жыйынтыктар керек. Бул үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен долбоорлорун аяктоону тездетүү, ошондой эле жаңы инвестициялык долбоорлорду демилгелөө зарыл». Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште билдирди.

2022-жылдын февралында Казакстан Республикасынын лидери Евразиялык беш мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун камсыздоо боюнча экономикалык чараларды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүүнү сунуштаган. Жумушчу топ түзүлгөн. Оперативдүү чаралардын комплекси иштелип чыгып, алар ишке ашырылууда жана алар боюнча жыйынтыктар бар.

«Бирок биз азыркы геосаясий кырдаал узак мөөнөттүү болоорун түшүнүшүбүз керек. Буга даяр болушубуз керек. Бизнес линиясында кызматташууну күчөтүү, биздин жогорку ылдамдыктагы трансконтиненталдык коридорлорубузду өркүндөтүү, алардын аймактык жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Мен санкциялык контекстти эске алуу менен чет элдик компанияларды көчүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайм. ЕАЭБтин геоэкономикалык жайгашуусунун артыкчылыктарын дүйнөнүн гиганттары деле жакшы билишет, ошондой эле биздин 180 миллиондук керектөө рыногубуздун потенциалын көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес. Бул иш-чараларды 12 айдын ичинде ишке ашырууну сунуштайм», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Количество просмотров: 178