Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу мекендештерине кайрылуу жасады.
Өлкө башчы Казакстанда Covid-19 коронавирусу 9 адамдан аныкталганын жана жайылуу коркунучу бар экенин тастыктады. Ошондой эле өзгөчө кырдаал режими оор жүк ташууга таасирин тийгизбей турганын белгиледи.
«Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарында, бекеттерде жана аэропорттордо санитардык-эпидемиологиялык режим күчөтүлдү. Биз Казакстанга өзгөчө кырдаал киргиздик. Көп элдердин майрамга карата пландары бар болчу. Бирок тилекке каршы ден соолук үчүн сак болуш керек», — деди президент.
Кечээ, 15-мартта Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон болчу.