• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандын президенти мыйзамсыз митингге чыккан жарандар жазаланарын эскертти

21 Тогуздун айы 2021 16:04 Бишкек Govori.TV

21-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан элдеринин ассамблеясынын жыйыны учурунда «мыйзамсыз митингге чыккандар мыйзам чегинде жоопко тартылат» деп айтты.

-Ким эмне десе да, биз кабыл алган «Тынч жыйындар тууралуу мыйзам» демократияны өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам. Тынч жыйындарга, демонстрацияларга эч ким каршы эмес. Расмий уруксат алуунун кереги жок. Чогулуу үчүн эскертүү берүү жетиштүү. Бирок айрым кишилер бул талапты да аткарбай жатышат. Мен мындай мыйзамга каршы аракеттерге баргандарга укуктук баа берилерин эскертем,– деди Токаев.

Токаевдин «мыйзамсыз жыйындар тууралуу эскертүүсү» 23-октябрга белгиленген бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязовдун митингинин алдында айтылды.

Укук коргоочулар митингдер өтө турган күнгө аз калганда полиция активисттерди кармоону күчөткөнүн билдирип жатышат.

Казакстандын Конституциясы жарандардын тынч жыйынга чогулуу укугун камсыздайт. Ага карбай «макулдашылбаган» акциялардын катышуучулары ырааттуу түрдө кармалып, административдик камакка алынып, айып пулга жыгылып келишет. Былтыр кабыл алынган «тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарандар жергиликтүү бийлик органдарына беш күн мурун маалымат бериши керек. Бийлик баш тарткан учурда митинг мыйзамсыз болуп эсептелет. Бул мыйзамды белгилүү эл аралык уюмдар жана институттар сынга алган.

Количество просмотров: 81