Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев жарылуу болгон Түркстан облусунун Арыс шаарынын аймагына барып жергиликтүү жарандар менен жолукту. Бул тууралуу Берік Уәли аттуу фейсбук колдонуучусу баракчасына видео жайгаштырды. Окуя 24-июнда болуп, аскер бөлүктө жарылуу чыккан.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз кызматынын билдирген маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматына саат 09:20 чамасында аскер бөлүктөгү кампада жарылуу болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жарылуунун кесепетинен ондон ашуун жаран турдүу жаракаттарды алышып ооруканага кайрылышкан.