• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстандын саламаттык сактоо министри коронавирус жуктурду

14 Кулжа 202016:59 Бишкек Govori.TV

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал  «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү»,-деп жазган ал.

Ошондой эле Биртанов санитардык талаптарды сактаганына карабай илдетти жуктуруп алганын кошумчалап, элди карантин эрежелерин сактоого чакырган.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 14 496 кишиден COVID-19 вирусу табылды.

Количество просмотров: 113