• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстандын түндүгүндө ооруканага жаткырылган жоокерлердин саны 49дан ашты

29 Баш оона 2023 15:46 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Көкшетау шаарындагы №5510 чек ара бөлүгүндө ооруп калган жоокерлердин саны 49дан ашты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Улуттук гвардиянын «Орталык» аймактык командачылыгына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, 23-августтан бери милдеттүү түрдө аскерге чакырылган кеминде 49 жоокер болжолдуу «курч респиратордук инфекция» диагнозу менен ооруканага жаткырылды. Алардын бешөөнөн менингококктук инфекция, төртөөнөн энтеровирустук инфекция аныкталган. Бейтаптарды COVID-19га текшергенде эч кимисинен вирус аныкталган эмес.

Оорукана жумушчуларынын айтымында, бейтап жоокерлердин симптомдору окшош, баары тең чыйрыгып, дене табы 40 градуска чейин жогорулап, калтырак басууда.

«Бейтаптардын бири клиникалык өлүмгө дуушар болду. Текшерүү учурунда анын талмасы кармап, жүрөгү токтоп калган. Реанимациялык аракеттер ийгиликтүү болуп, ал эсине келип, интенсивдүү терапия палатасына которулду. Суу чечек (ветрянка) оорусунан кийин анын иммунитети начарлап кеткен болушу мүмкүн», – деди оорукананын директору Сакен Калымжанов.

Анын айтымында, акыркы күндөрү ооруканага 10 жоокер жеткирилди. Алардын дене табы 38 градуска жетпейт, абалдары туруктуу.

Медиктердин божомолуна ылайык, аскер кызматкерлеринин оорусуна мезгилдик инфекция себеп болгон болушу мүмкүн. Жоокерлердин казармада топтошо жашоосу инфекциянын тез жайылуусуна шарт түзгөн болушу ыктымал.

Улуттук гвардия аталган аскердик бөлүктөгү жоокерлердин арасында бардык тиешелүү дарылоо-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, жаңы учурлар катталбай калганын жана кызматтык териштирүү башталганын билдирди.

Количество просмотров: 298