• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Казакстанга 11 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып бараткандар кармалды

14 Теке 202211:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан 11 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып чыгып бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Ак-Жол-Автожол” көзөмөл өткөрүү жайына Кыргыз жарандары 1991-жылы туулган Т.У. жана 1992-жылы туулган С.Н. аттуу жарандардын башкаруусундагы 2 жүк ташуучу Мерседес-Бенц унаасы келип токтогон. Айдоочулар чек арачыга коштоочу документтерди көрсөтүшкөн. Анда унаада ун азыктары (китлап) болгондугу аныкталган.

«Чек арачылар унааларды текшерүү учурунда ун азыктары салынган кутулардын артына катылган 11 тонна кумшекерди таап чыгышкан. Айдоочулар жасалма документтер менен Кыргызстандан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар менен жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 198