• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанга 147 млн теңге алып өтүп бараткан жаран кармалды

15 Баш оона 202317:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан коңшу Казакстанга ири суммадагы акча каражатын алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек арачылар “Ак-Жол-автожол” бекетинен КРнын 1994-жылы туулган Ж.Н., аттуу жаранын кармашкан. Анын сумкасынан чет элдик валюта – болжол менен 147 млн казак теңгеси табылган.

Кошумчалангандай, аталган жаран акча каражаттарын коштоочу документтери жок чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран мындан аркы териштирүү иштери үчүн аймактык компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 107