Казакстандагы Январь окуялары учурунда тынчтык орнотуучу катары жөнөтүлгөн кыргызстандык аскерлерге тийиштүү маянасы жакын арада төлөнүп берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Жоокерлердин өкүлдөрү президентке кайрылуу жолдоп, күжүрмөн тапшырма үчүн бекитилген эмгек акысын ала албай жатканын билдиришкен.
«Биз дагы эле күжүрмөн миссияны аткарганыбыз үчүн маянабызды ала албай жатабыз. Каржы министрлигинде дагы деле маселе чечилбей жатканын айтышууда. Бул маселени чечүүдө колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.
Жалпысынан 7-январда Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 жоокер жөнөтүлүп, алар Алматыдагы ТЭЦ-2нин стратегиялык объектисин бир апта бою кайтарышкан.
Казакстанга ЖККУнун 2 миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган.
Казакстанда газдын баасын төмөндөтүү талабы менен башталган тынч митингдер кийин башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын айтып, ЖККУдан жардам сураган.