• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Казфосфат» ишканасындагы кырсыкта бир киши өлүп, үчөө жаракат алды

15 Аяк оона 2022 19:13 Бишкек Govori.TV

Жамбыл облусунун Жаңыташ шаарында «Казфосфат» компаниясына караштуу «Каратау» кен байытуу комбинатындагы кырсыкта бир киши өлүп, дагы үчөө жаракат алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына комбинаттын жумушчулары кабарлады.

Комбинат жетекчилиги жумушчунун өлүмүнөн кийин атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Фельдшер болуп иштеген Жанар Ахматова 13-сентябрда жумушчуну плита басып калганын айтты. Анын билдиришинче, соңку кездерде ишканада жумушчулар жаракат алган жана өлгөн учурлар көбөйдү.

— Соңку бир жарым айда кеминде 8 киши жаракат алып, 3 киши кайтыш болду. Жумушчулар бул тууралуу айтса, жумушсуз калабыз деп коркушат, — деди ал.

1-июлда «Казфосфат» компаниясында полицияга 28 жаштагы ширетүүчү жана 35 жаштагы слесардын өлгөнү жөнүндө маалымат түшкөн. Тегирменди оңдоо иштери жүрүп жатканда агрегат иштеп кетип, эки киши кайтыш болгон. Дагы үчөө оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Жанар Ахатованын айтымында, бул үчүн нөөмөтүн окуяга бир нече күн калганда өткөрүп берген электрик күнөөлүү деп табылган. Ага каршы «Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Июнда аталган ишканада 34 жаштагы жумушчунун башына бышкан кыш түшүп, ал мерт болгон. 7-июлда 42 жаштагы жумушчу бийиктиктен кулап кеткен. Ишкананын жетекчилиги бул окуялар боюнча комментарий берген эмес.

Количество просмотров: 66