• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казино мыйзамын колдоду деген депутаттардын добушу күмөн жаратты

24 Кулжа 2022 10:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Деген менен мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ача пикир жаратып, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартышкан.

Бирок, бир нече жолу добуш берилген соң төрага Талант Мамытов көчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты. Ага 58 эл өкүлү «макул», 9 депутат «каршы» деп добуш берсе, ар эми добуш бербеген депутаттардын компьютерлери жабылган.

Депутаттардын кимиси кандай добуш бергени тууралуу маалыматтар тарап ал коомчулукта талкуу жаратты. Себеби, жыйынга катышпаган депутат Тазабек Икрамовдун анынан «макул» деп добуш берилсе, дагы бир депутат Жусупбек Коргонбай уулунун добуш берүүсу суроолорду жаратты.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов казино ачуу мызамына буга чейин эле каршы пикирин билдирип келгенин белгилейт. Анын айтымында, 22-июнь күнү болгон ЖК жыйынына ал катышкан эмес. Икрамов ТүркПАнын жыйынына катышуу үчүн Ысык-Көлгө кеткен жана бул тууралуу төрага Талант Мамытовго кат жазган.

«Менин жыйынга катышпаганыма төрагага жазган катым далил. Мурда 6-чакырылышта бизде ар бир депутатта чип бар болчу, ансыз эч ким бирөөнүн компьютерлин иштете алчу эмес. Ал эми азыр андай жок, каалаган адам каттоодон өтүп кое алат. Мен буга чейин эле казиного каршы экенимди айтып келгем. Бул менин добушум жана укугум, бул нерсе мыйзамсыз. Менин атыман туура эмес добуш берилгени тууралуу төрагага кайрылам. Жана ошондой эле мен эч кимге добуш берүү үчүн ишеним кат калтырган эмесмин. Ушу менин ордума бирөө басып койбосун деп, катты төрагага жөнөткүчө сүрөткө тартып койдум эле», — деди депутат.

Белгилей кетсек, казино мыйзамы коомчулукта бир катар каршы пикирлерди жаратып келген. 23-июнда да жарандык активисттер парламент алдына кумарканалар мыйзамына каршы нааразылык акциясына чыкты.

Белгилей кетсек, казинону мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Экономика министрлиги. Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын укуктук негиздерин, аны ачуу тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көзөмөл жана кумар оюндарынын субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.

Количество просмотров: 1071