• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КазТАГ кабарчысына жасалган чабуул: журналист жабырлануучу катары таанылды

11 Аяк оона 20239:07 Бишкек Govori.TV

Караганды облусунун Шахтинск шаардык полициясы кесиптик милдетин аткарып жаткан кезде кол салууга учуруган КазТАГ агенттигинин кабарчысы Диана Сапаркызын окуядан үч жума өткөндөн кийин жабырлануучу катары тааныды. Тийиштүү токтом 9-сентябрда чыккан.

Иш «Журналисттин кесиптик ишине тоскоолдук жаратуу» беренеси боюнча тергелүүдө. 18-августта «Казакстан» шахтасынын аймагынан маалымат таратып жаткан Динара Сапар кызына шахта ээси “АрселорМиттал Темиртау” компаниясынын кызматкерлери менен күзөт фирмасынын өкүлдөрү кол салган. 10-сентябрда журналист тергөөгө чакырылып, бир нече саат полиция бөлүмүндө болгон.

Тергөө алгач окуяны кылмыш катары эмес, административдик укук бузуу катары көрсөтүүгө аракет кылган. Кийин гана кылмыш иши козголду.

18-августта Диана Сапаркызы «Казакстан» шахтасындагы кырсык тууралуу маалымат топтоп жүргөндө жарандык кийимчен беш адам анын телефонун тартып алып, андагы айрым файлдарды өчүрүп салышкан. Алар журналисттин өзүн күч менен сыртка чыгарып коюшкан.

17-август күнү эртең менен «Казакстан» шахтасында өрт чыккан. Куткаруучулар жер алдында иштеп жаткан 227 кенчинин 222син сыртка чыгарып, беш шахтер каза болгон.

Количество просмотров: 141