• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Азамат Ишенбековдун чоң энеси небересин күтө берип, көзү көрбөй калган

4 Бештин айы 202412:59 Бишкек Govori.TV

Ушу тапта абакта отурган журналист Азамат Ишенбековдун чоң энеси Гулира Абдраимакунова небересинин 5 жылга абакка кесилгенин уга элек. Жакындары бул кабар ага катуу тиеринен чочулап, аны угузушкан эмес.

Азамат Ишенбековду үч жашынан баккан чоң эненин ден соолугу начарлап, көзү көрбөй калган. Эне небересин гана күтүп, ошол үчүн гана жашап жаткандай таасир калтырганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова да жазып чыкты.

Эске салсак, быйыл жыл башында 11 журналист камакка алынган. Алардын бири, Г. Абдраимакунованын небереси Азамат Ишенбековго 10-октябрда сот өкүмү чыгып, ал 5 жылга кесилген. Алардын ичинен 7 журналист акталып, 2 журналист пробацияга кесилип, ал эми Махабат Тажибек кызы 6 жылга кесилсе, Азамат Ишенбеков 5 жылга абакка кесилген.

https://www.facebook.com/100000838120119/videos/609591898306037

Количество просмотров: 259