• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жапаров камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирди

19 Үчтүн айы 2024 21:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 11 журналисттин эки айга камалганы жана аларга козголгон кылмыш иши, 24.kg маалымат агенттигине байланыштуу тергөө иштери тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттигине маек курду.

Маекти толугу менен төмөндө беребиз:

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Салт болуп калгандай, коомчулуктагы актуалдуу суроолорубузду узатып, аларга жооп алсак. Кеп «24.kg» маалымат агенттигинин жетекчилеринин суракка чакырылышы жана интернет-редакциялардын журналисттеринин жапырт кармалышы тууралуу болсун.

— Саламатчылык. Оболу «24.kg» сайтынын иши боюнча айтайын. Мага маалым болгондой, мекеменин имаратында КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин («Согушту үгүттөө») негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаранынын алкагында тинтүү жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү сурактан кийин редакциянын кызматкерлерин коё беришти. Иш иликтенүүдө. Өлкө мыйзамдарында көрсөтүлгөн тиешелүү жол-жоболор өтүшү керек.

— Ал ортодо масс-медиалар менен кызматташкан бир катар чет элдик уюмдар жана эл аралык институттардын өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигин камактагы журналисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүүлөрүн жасоого жетишти.

— Биринчиден, кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес. Алар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай билдирүүлөрдү, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиздик менен жарыялаган блогерлер.

Экинчиден, ар бир укуктук башка мамлекеттердегидей эле Кыргыз Республикасында да мыйзам алдындагы жоопкерчилик деген бар. Буга байланыштуу маалыматтын ишенимдүүлүгү үчүн ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист, блогер деп эсептегендер жоопкерчиликтүү болушу керек.

Айрым блогерлер жана активисттер ачыктан-ачык эле жалган маалымат тараткандыгына өзүбүз далай жолу күбө болдук. Көп учурда атайылап же билбестен аймактар аралык, диний жана этникалык кастыкты козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерди жасоого чакырыктар, башаламандыктар болгон.

— Кармалган кыргызстандыктарга кандай айыптар тагылып жатат?

— Биз сөз кылып жаткан ишти алсак, КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, Тажибек кызы Махабаттын видеокайрылууларында массалык башаламандыктарга чакырык жасоонун белгилери бар экени аныкталган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө туура келет.

Азыркы тынч эмес, олку-солку мезгилде сөз эркиндиги жоопкерчилик менен тыгыз байланышкан. Бүгүнкү күнү демократиялык жактан өнүккөн деп айтууга болгон өлкөлөр да сөз эркиндигин саясий максаттарына жетүү жана коомду дестабилдештирүү үчүн колдонгондорго карата чектөөлөрдү киргизип жатат.

Ага байланыштуу биз алдын алуу чараларын көрүүгө аргасызбыз. Себеби бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна тиешелүү.

Бул жерден Европа Кеңешине мүчө мамлекеттер тарабынан (1950-жылы 4-ноябрда) кабыл алынган Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө конвенциянын айрым жоболорун айта кетейин. Алсак, “Ой-пикирди билдирүүнүн эркиндиги” деген 10-берененин 2-пунктунда мамлекеттин аймактык бүтүндүк, коомдук тартип же улуттук коопсуздук кызыкчылыктары менен байланышкан белгилүү бир эркиндиктерди чектөө укугу каралган. Жөнөкөй тил менен айтайын, демократиялык коомдо белгилүү бир формалдуулуктар, ал мыйзамда каралган чектөөлөр же санкциялар болсун, башаламандыктарды же кылмыштарды алдын алуу үчүн керек.

Бардык тергөө иштеринин аякташын күтүп туралы.

— Ал арада азыр коомдо айрымдар камактагыларды өз өлкөсүнүн патриоттору деп ойлошсо, кээ бирлери аларды бир гана финансылык маселе кызыктыраарын айтып жатышат.

— Массалык башаламандыкка чакырган адамды патриот деп айтууга болобу? Бул жерде көбүрөөк экинчи аспект — финансы маселе болуп турат. Көбүнчөсү көз карандысыз деп аталган журналисттер, блогерлер, гранттык каражаттарды ар кандай фонддордон, уюмдардан ж.б. алышат. Мен болгону бир нече эле мисал келтире кетейин:

— factcheck.kg интернет-ресурсу (башкы редактору Болот Темиров) бир эле фонддон (NED – Демократия үчүн улуттук фонд) 2020-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта 142,900 АКШ долларын алган;
— kloop.media ресурсу ошол эле Демократия үчүн улуттук фонддон 2021-жылы 585,900 АКШ долларын алган;
— ошол эле 2021-жылы бир катар бей өкмөт уюмдар жана көз карандысыз журналисттер Демократия үчүн улуттук фондунан 90,000дон — 220,000 АКШ долларына чейин гранттык каражаттарды алышкан;
— kloop.media, Медиахаб, kaktus.media, ПолитКлиника, factcheck.kg, T-Media жана башка бир катар маалымат агенттиктери жыл сайын чет элдик донорлордон гранттык каражаттарды алышат, анын суммасы 600,000 АКШ долларынан ашат;
— жалпы жөнүнөн 2027-жылдан 2020-жылга чейин Демократия үчүн улуттук фонду кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, журналисттерге жана блогерлерге 8,471,614 АКШ долларын которушкан.

Түшүнүп турам, бул гранттык каражаттар сөз эркиндиги, медиа коомчулугун колдоо, көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүү сыяктуу долбоорлордун алкагында бөлүнөт.

Бирок, чындыгында, иш жүзүндө тиешелүү гранттык каражаттар өз максатында жумшалбай, бийликти жаманатты кылуу, мамлекеттик саясатты каралоо, коомду адаштыруу, конституцияга каршы чакырыктарды жасоо жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген жалган маалыматтарды таратууга жумшалууда.

Мындан тышкары, чет элдик булактардан тиешелүү гранттык каражаттарды алган айрым журналисттер менен блогерлердин жеке байыган фактылары аныкталууда.

Мисалы, кармалган кызматкерлердин биринин башкы редактору аталган адам акыркы жылдары эле бир катар кымбат баалуу кыймылсыз мүлк сатып алган. Мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары менен тастыкталган ушул сыяктуу дагы көптөгөн фактылар бар.

Маалымат каражаттарында тажрыйбасы жана тиешелүү билими жок жакын туугандарын редакцияларга жумушка орноштурган фактылар да бар. Муну үй-бүлөлүк-кландык формат же «үй-бүлөлүк бизнес» десек болот.

Башкача айтканда, алар донорлордун каражаттарын жеке муктаждыктарына көзөмөлсүз жумшашат. Ошол эле учурда аларга кооз отчетторду жазып, алар грант алуучулардын эмне менен алектенип жатканын билбей калышы дагы мүмкүн. Интернет-блогерлер акча үчүн кандай сонун отчет берүүнү гана билишет.

Чындыгында алардын жазгандарына эч ким ишенбейт. Мисалга, алсак, карапайым эл камактагыларды бошотуу талабы менен чыккан жок. Алар алган акчасын актоо үчүн бийликти далилсиз каралап жатканын эл жакшы түшүнөт. Балким, мындан улам камакка алынгандар өздөрүнө көңүл бурдуртуу үчүн өлкөнүн мыйзамдарын бузган кадамдарга барышкан чыгаар.

— Ошол эле кезде айрымдар өлкөдө сөз эркиндигине кысым болуп жатканын, бул коркутуп-үркүтүү аракеттери эркиндикке коюлган чекит экендигин айта башташты. Сиздин көз караш кандай бул маселеге?

— Эч кандай коркутуулар жок жана болбойт дагы. Биздин элди коркутууга мүмкүнбү? Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана болот. Болгону биз биринчи кезекте улуттук коопсуздукту, массалык маалымат каражаттары чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды сакташыбыз керек.

Бүгүнкү күндө журналистика менен атаандаштыкка түшкөн социалдык тармактар аркылуу коомдук пикирди калыптандыруу кадыресе көрүнүшкө айланды. Мындай учурда ар бир жаран, журналист болобу, блогер болобу ар бир айткан сөзү үчүн жоопкерчиликти сезиши керек. Биз сапаттуу журналисттик иликтөөнү колдойбуз. Бирок көпчүлүк учурда блогерлер фактыларды бурмалоо, кымындай нерседен маселе жаратып же болбосо манипуляция жасап, коомду адаштыруу менен алек болууда. Алардын материалдары фактылар менен берилип, ушак эмес, маалыматты камтышы керек. Биз коомдогу пикирлердин ар түрдүү болушун колдойбуз, бирок мамлекеттин кулашына, башкача айтканда, жоопкерчиликсиз эркиндикке каршыбыз. Биздин эркиндигибиз күзөттө туруп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошу керек!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Количество просмотров: 232