• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Журналист Ильич Кулназаров өзүнө кол салуу болгонун айтты

28 Тогуздун айы 20249:39 Бишкек Govori.TV

Журналист Ильич Кулназаров өзүнө кол салуу болгонун айтып чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди.

Анын айтымында, кол салуу борбордогу Ред центр менен ЦУМ соода борборлорунун ортосунда болгон. Ал ошондой эле кимдер тарабынан кол салуу болгонун түшүнбөй жатканын билдирди.

Журналист кол салуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылып арыз жазарын айтты.

Ал эми Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, факты каттого алынып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалашты.

Количество просмотров: 683