“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.
Алардын Ош шаарынан келген 25 жаштагы Кызжибек Кеңешбек кызы.
«ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде кожвенерология сабагынан мугалиммин. Ошондой эле ыктыярчылык менен алектенем. Мени айыл жергесиндеги аялдардын абалы кейитет. Көп бала төрөп, бирок жетиштүү билими жок болгон энелерге жардам берүү менен агартуу максатында иш алып баргым келет»,-деди ал.