• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Келдибеков докторлук диссертациясын жазып, ал жараксыз деп табылды

16 Үчтүн айы 2018 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков докторлук диссертациясын жазды. Бул маалыматты Кыргыз экономикалык университетинен тастыкташты.

Билим АКИpress сайтына 16-январда КЭУнун илим боюнча проректору Көбөгөн Атышов маалымдагандай, 2017-жылы аталган университеттин кафедра деңгээлинде Ахматбек Келдибековдун диссертациялык иши талкууга алынган.

«Мен диссертациялык кеңештин мүчөсү жана илим боюнча проректор катары талкууга катышкам. Ахматбек Келдибеков баяндамасы менен чыкты. Аны менен илимий жетекчиси жана 4-5 илимдин доктору болгон. Биз анын иши менен таанышып чыгып, жыйынтыгында иштин шифри ылайыктуу эмес деген чечимге келдик — анда каражат боюнча көбүрөөк эле. Мындан тышкары иш начар болчу. Ошондуктан ишти сапатына карап жараксыз деп таптык», — деп айтып берди К.Атышов.

Маалымдама: 51 жаштагы Келдибеков Ахматбек Келдибекович — Жогорку Кеңештин III жана V чакырылыштагы депутаты, ЖКнын мурунку төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты. Ар кайсы убактарда Салык кызматын жана Социалдык фондду жетектеген. Ал спикер болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп соттолуп, айып салынган. Соттуулугу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюлган.

Булак: Билим АКМпресс

Количество просмотров: 11